Ысык-Көлдө видеосу тараган мас милиция кызматкерлери. ИИМ кызматтан кимдер алынганын айтты

Ысык-Көлдөгү милиция кызматкерлеринин терс жүрүм-турумуна мыйзам чегинде эң олуттуу жана катаал мамиле кылынат. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Кызматкерлердин ичкилик ичип алып кызматтык унаада жүрүшкөндүгү боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында Ысык-Көл ОИИБдин МКККнын туристтик-экологиялык взводдун эки кызматкери милициянын подполковниги жана милициянын улук лейтенанты ички иштер органдарынын катарынан чыгаруу чечими кабыл алынды. Мындан тышкары, кол алдындагы кызматкерлердин ишине көзөмөл жана көзөмөлдүн жетишсиздиги үчүн туристтик-экологиялык взводдун командири милициянын подполковниги ээлеген кызматынан бошотулуп, Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын жана Тоң районунун ички иштер башкармалыгынын бир катар биринчи жетекчилери катуу тартиптик жоопкерчиликке тартылды.

Иликтөө иштерине алып келген бул окуя видеого тартылып, социалдык тармактарга жарыяланып, коомчулукта чоң резонанс жараткан.