Ысык-Көлдө үрөй учурган кырсык катталып, 2 адам мерт кетти (видео)

2-август күнү Ысык-Көл облусунун аймагында жүрөк үшүткөн жол кырсыгы катталып, 2 адам каза болду. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.

— Маалыматка ылайык, 2-август күнү Чырпыкты менен Тору-Айгыр айылынын орто ченинде жол кырсыгы катталган. Кара-Балта шаарынын тургуну, 2001-жылы туулган З.уулу Э. айдап бараткан Opel Zafira унаасын башкара албай Ford Focus унаасы менен кагышкан. Кырсыктын жыйынтыгында Opel унаасынын жүргүнчүлөрү, 1982-жылы туулган И.Т. жана 1966-жылы туулган И.Г. мерт кетишкен. Ал эми Ford унаасынын айдоочусу менен жүргүнчүсү 2001-жылы туулган Э. уулу Н. учурда Балыкчы шаардык ооруканасында кайра жандандыруу бөлүмүндө жатышат.

Аталган факты Ысык-Көл РИИБдин электрондук китепчесине катталып тиешелүү экспертизалар жүргүзүлүүдө.