Ысык-Көлдө зордуктоого шектелген кыргызстандык 17 жылдан кийин Москвадан кармалды

Ысык-Көлдө зордуктоого шектелип, 2008-жылдан бери издөөдө жүргөн жаран Орусияда кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

2008-жылдын 26-апрель күнү милицияга арыз менен Жети-Өгүз районунун тургуну кайрылган. Арызында ошол эле күнү саат 22:00 чамасында Жети-Өгүз районунун тургуну үйүнө кирип барып, күч колдонуп зордуктаганын билдирген. Аталган факты Жети-Өгүз РИИБге катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иши башталып, кылмышка шектүү качып кетип, издөө иши ачылган. Зордуктоо беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Жети-Өгүз РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери жана Ички иштер министирлигинин Орусиядагы өкүлчүлүктүн кызматкерлеринин катушуусунда 2008-жылдан бери издөөдө жүргөн Жети-Өгүз районунун 1972-жылы туулган тургуну Москва шаарында кармалып, камакка алынды. Азыркы учурда экстрадиция маселеси чечилүүдө. Тергөө амалдары уланууда.