Ысык-Көлдөгү ат майданда тартылган видео тараган соң, 19 жаштагы жигит аныкталды

Автоээнбаштык жасаган айдоочуга 15 миң сом айып салынды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Буга чейин социалдык тармактарда БМВ үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылында жайгашкан ат майдандын аймагына кирип алып, автоээнбаштык кылгандыгы боюнча видео тараган.

БМВ М8 унаасы табылып, анын 2005-жылы туулган айдоочусу аныкталган. «Унаа Чолпон-Ата шаарындагы айып короого токтотулду жана анын кыймыл аракетине Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 189-беренесинин (автоээнбаштык) негизинде протокол түзүлүп, 15 миӊ сом өлчөмүндө айып салынды», — деп айтылат маалыматта.