Ысык-Көлдөгү «Фонтан» эс алуу борборун тартып алган шектүү кармалды

УКМК тарабынан О.Г. аттуу жаранга таандык болгон «Фонтан» эс алуу борборун мыйзамсыз тартып алуу жана ошондой эле бир катар жер участокторун мыйзамсыз сатуу фактысы боюнча Башкы прокуратура тарабынан козголгон иштин алкагында кылмыш иштери тергелип жатат.

Жактоочу Д.А. жана Д.Ш. менен алдын ала сүйлөшүп алып, О.Г. аттуу жарандын Кыргыз Республикасынын аймагында жоктугунан пайдаланып, анын жакындарынын ишенимине кирип, алдоо жолу менен «Фонтан» эс алуу борборун, ошондой эле карамагындагы башка мүлктөрдү тартып алышкан. Мындан улам, материалдык жактан баюу максатында, О.Г. макулдугусуз бир катар жер участокторун сатышып жана аларды сатуудан түшкөн 600 миң доллардан ашык суммадагы каражаттарды өзүлөрүнө алышкан. Мындан тышкары, жогоруда аталган адамдар башка адамдар менен сүйлөшүп алып, жеке курулуш уюмдарынын өкүлдөрү менен «Фонтан» эс алуу жайынын өзүн сатуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн.

Тергөө тарабынан жактоочу Д.А. жана Д.Ш. өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык кылган деп айыпталууда. Мындан тышкары, жактоочунун апасы Д.А. кызынын ата-энесинин үйүндөгү мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу боюнча чара көрүү жөнүндө УКМКга арыз менен кайрылган. Ушундай эле кайрылуу менен Д.А.га карата чара көрүү боюнча кылмыш иши боюнча дагы бир айыпталуучу Д.Ш. кайрылган.

Учурда өзүнчө маалыматтык порталдар, адвокат Д.А. бул иш боюнча атайылап жалган маалымат коомчулукту адаштыруу максатында таратылып, ага тиешелүү юридикалык баа берилет.