Ысык-Көлдөгү «Фонтан» пансионатын алдамчылык менен алып алган деген жаран кармалды

«Фонтан» пансионатын алдамчылык жолу менен алуу фактысы боюнча УКМК маалымат берди.

УКМК мурда келтирилген коррупциялык схемаларга каршы иш-чаралардын алкагында, Ш.Д. аттуу жарандын жана башка адамдардын «Фонтан» пансионатын алуудагы алдамчылык фактысы боюнча учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө. «Фонтан» пансионаты ири өлчөмдө салык карызы болгондуктан, О.Г. аттуу чыныгы ээсине билдиришип, алдоо жолу менен аны укук коргоо органдары тарабынан кылмыш жоопкерчилигине тартабыз деп коркутуп, бул пансионатты кайрадан талапкерлерге каттатууга мажбурлашып, ошол Ш.Д. жана башка адамдар тарабынан 2017-жылы жасалма шарттар түзүлгөндүгү аныкталды.

2021-жылдын январь айында бул ишке тиешелүү адамдар тарабынан, «Фонтан» пансионаты менен чектеш жер тилкелери О.Г.нын мүлкүнөн чыгарылып, андан кийин анын макулдугусуз 290 миң 525 долларга үчүнчү жактарга өткөрүп берилген. Ш.Д.га карата чогултулган материалдардын негизинде Каракол шаардык соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.