Ысык-Көлдөгү жол кырсык 2 кишинин өмүрүн алды (сүрөт)

Корумду айылында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Корумду айылында 00:47 чамасында Subaru Forester, Аudi A6 жана Mazda-626 үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн.

Кырсыктын кесепетинен 31 жаштагы эркек киши менен 20 жаштагы кыз каза болуп, 8 адам ар кандай жаракат алган. Жабыркаган жарандар Чолпон-Ата шаардык ооруканасына жеткирилген.