Ысык-Көлдөгү жол кырсык 5 адамдын өмүрүн алды

Ысык-Көлдүн Чырпыкты айылында катталган жол кырсыгынан 5 адам каза болуп, 4 адам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, 21-июль күнү саат 21:30 чамасында Чырпыкты айылынын 61 жаштагы тургуну Mitsubishi Galant унаасын башкарып бара жатып, жолдун карама-каршы тилкесине чыгып кеткен. Кесепетинен бет маңдай келе жаткан Бишкек шаарынын тургунунун башкаруусундагы Лексус LХ-470 унаасы менен сүзүшкөн.

Кырсыктан Mitsubishi Galant унаасынын айдоочусу, жүргүнчү катары келе жаткан 58 жаштагы жаран, Ысык-Ата районунун 57 жаштагы тургуну жана Токмок шаарынын эки тургуну каза болгон. Каза болгондордун экөөсү эркек, үчөө аял.

Ал эми Лексус LХ-470 унаасынан 9 жана 6 жаштагы балдар жана киши денелеринен алган жаракаты менен райондук ооруканага жаткырылган. Учурда жол кырсык боюнча тийиштүү органдар иштеп жатат.

Буга чейин кырсыктын видеосу тараган эле.