Ысык-Көлдөгү жол кырсык. ЖАКтын 2 кызматкери иштен бошотулуп, жетекчиси сөгүш алды

17-июль күнү социалдык тармактарга бир унаанын эки патрулдук унааны сүзгөн видеосу тараган. Ошол эле күнү жол тескөөчүлөр маалымат берип, кызматтык унааны сүзгөн айдоочунун Жаза аткаруу кызматынын 26-мекемесинин жетекчисинин орун басары экендигин билдиришкен. Киа Рионун салонунда айдоочудан тышкары №26 мекеменин нөөмөт бөлүмүнүн башчысы болгону маалымдалган. Ошондой эле айдоочунун мас абалында экени да айтылган.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жазалардын аткаруу кызматынан окуя боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлгөнүн билдиришти.

«Анын жүрүшүндө эки кызматкер тең Ысык-Көл облусунда иш убактысынан тышкаркы жерде болушкандыгы аныкталган. Ошондой эле алардын ЖАКтын бир катар ченемдик укуктук жана ведомстволук актыларын бузгандыгын белгилей кетүү керек. Жүргүзүлгөн кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча, эки кызматкер кызматтан бошотулуп, алардын түздөн-түз жетекчиси №26 мекеменин начальниги дисциплинардык жоопкерчиликке тартылып, сөгүш жарыяланды»,- деп айтылат маалыматта.