Ысык-Көлдөгү жол кырсыкта каза болгон 8 кишинин төртөө бир үй-бүлө мүчөсү

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда ири жол кырсыгы катталганы маалым болгон. Кырсык 13-августка караган түнү Кызыл-Омпол уран кенинен анча алыс эмес жерде катталып, БМВ менен Ауди бетме-бет сүзүшкөн. Алдын ала маалыматтарга караганда, БМВ унаасынын айдоочусу катуу ылдамдыкта келе жатып, каршы тилкеге ​​чыгып кеткен. БМВнын айдоочусу ошол жерден каза болуп, Ауди унаасынын айдоочусу оор абалда ооруканага жеткирилген.

Кырсыктын кесепетинен сегиз адам каза болгон, анын бир жарым жаштагы жана 5 айлык бала бар. Кырсыктан дагы алты адам жабыркаган. Алардын баары Балыкчы ооруканасына жаткырылып, каза болгондордун сөөгү шаардык өлүкканага жеткирилген.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги каза болгон жарандардын айылдашы — Нарын облусунун Жер-Көчкү айылынын тургуну менен байланышканыбызда каза болгондордун төртөө бир үй-бүлө мүчөсү экенин, киши баласы жана 2 небереси менен каза болгонун билдирди. «Атасы, анын 1989-жылы туулган баласы, эки небереси каза болду. Небересинин бири улуу баласыныкы, ал эми экинчиси каза болгон баласыныкы. Бирөө 2 жашта, экинчиси 7 айлык», — деди ал. Анын айтымында, айылдаштары Ауди унаасында болгон. «6 чоң киши жана 2 бала болгон экен. Азыр айдоочу, кишинин эки келини жана эжеси ооруканада. Ал эми БМВ унаасы боюнча маалымат жок», — деди ал.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги окуя боюнча ИИМдин жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгына байланышканыбызда, жол кырсык боюнча азыркы учурда тергөө кызматы иш алып барып жатканын, тергөөнүн чечими менен толук маалымат берилерин айтышкан.

Ал эми «Азаттык» каза болгондордун жакындарына шилтеме берип, алардын кырсык болгон күнү Балыкчыга тойго барып, үйгө кайтып келе жатканын жазышты.