Ысык-Көлдөгү жол кырсыкта каза болгон казакстандык машыктыруучунун сөөгү Жамбыл районунда жерге берилет

Казакстандын жараны Жузгенбаев Мурат Туабаевичтин сөөгү Алматы облусунун Жамбыл районуна караштуу Унгуртас айылында жерге берилет. Бул тууралуу Казакстандын жеңил атлетика федерациясы билдирди.

Ал Ысык-Көл районунун Комсомол жана Бостери айылдарында 16-июль күнү таңкы саат 07:00 чамасында катталган жол кырсыктын кесепетинен каза болгон.

Кийинчерээк анын жогорку категориядагы машыктыруучу, жеңил атлетика боюнча машыктыруучу Мурат Жузгенбаев экени белгилүү болду.