Ысык-Көлдөгү жолдо кыйылган үч өмүр. Кырсыкка шектүү милиция кызматкери кызматтан алынды

Тоң РИИБдин кызматкери Жамал Термечикова кызматынан алынды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл ОИИБден билдиришти. Маалыматка карганда, ал кызматтык териштирүүдөн кийин кызматтан алынган.

«Ысык-Көл ОИИБдин ички иликтөөсүнөн кийин аталган кызматкер кызматтан алынды. Ага Жазык кодексинин 300-беренеси менен (мас абалындагы жаранга унааны башкарууга уруксат берүү) айыпталып жатканын тууралуу кабар берилди. Негизинен окуя катталганда кызматкер 48 саатка камакка алынган. 21-июнда соттун чечими менен үй камагына чыгарылды. Ал эми жанындагы адам Жазык кодексинин 297-беренеси (жол кыймылынын эрежелерин жана унааны эксплуатациялоо эрежелерин бузуу) жана 135-беренеге (этиятсыздыктан адам өлтүрүү) ылайык кылмыш иши козголгону кабарланды. Ал учурда ооруканада, жанында конвой кайтарып жатат. Ал ооруканадан чыгары менен сот баш коргоо чарасын тандайт», — дешти ОИИБден. 

12-июнда Сары-Камыш айылы менен Балыкчы шаарынын ортосунда кырсык болгон. Mercedes-Benz E240 унаасынын айдоочусу жолдун четинде токтоп турган Volkswagen Passat унаасын сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен аял жана анын эки кызы каза болуп, уулу жаракат алган. Кийинчерээк кылмышка шектүүлөрдүн бири, тактап айтканда, унаанын ээси Тоң РИИБдин кызматкери экендиги аныкталган.