Ысык-Көлдөгү мал уурдалган учур видеокөзөмөлгө түшүп калган (видео)

Ысык-Көлдө мал уурдоо учуру видеокөзөмөлгө түшүп калган. Милиция кызматкерлери шектүүнү кармашты. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Каракол ШИИБге 28 жаштагы жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, 31-август күнү аркандалып турган 2 баш коюн уурдап кетишкенин билдирген.

Аталган факты катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) менен кылмыш иши козголгон. Кылмыш болгон жерде орнотулган видеокөзөмөл камераларын карап чыккан милиция кызматкерлери, камералардын бирине түшүп калган азиат улутундагы жаран уурдалган малды жетелеп баратканын аныкташкан. Ак-Суу районунун Челпек айылынын 53 жаштагы тургуну, мурда соттолгон жаран болуп чыккан. Ал соттун чечими менен үй камагына чыккан.