Ысык-Көлдөгү мушташ эмнеден улам чыкканы айтылды

Социалдык тармактарда “Ысык-Көлдө эс алуучулар сабалды” деген видео тараган. Милиция журналисттерге окуя боюнча маалымат берди.

Маалыматка караганда, бүгүн, 16-августта саат 19:00 чамасында милицияга мушташ боюнча маалымат түшкөн. Скутерди ижарага алып иштеткен жарандар менен эс алуучулар ортосунда ызы-чуу чыккан. Эс алуучу скутерди айдап жүрүп, моторуна суу киргизип алган. Ал төлөөнү убада кылып, бирок жээкке чыкканда убадасына турган эмес. Натыйжада мушташ чыккан. Учурда окуяга катышкан эс алуучулардын аты-жөнү такталып жатат. Ал эми скутерди ижарага алып иштеткендер милицияга жеткирилди.