Көл жээгиндеги мушташ. Казакстандан келген ата-бала да, скутерди ижарага бергендер да арыз жазды

Көл жээгиндеги окуя боюнча кылмыш иштери козголду. Эки тарап тең арыз жазган. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

16-август күнү Кош-Көл айылынын «Радуга Вест» эс алуу борборуна жакын орун алган пляжда скутердин ижарачылары менен эс алуучулардын ортосундагы окуя боюнча Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголду.

Мурда маалымдалгандай, сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында окуяга катышкандар аныкталган. Алар скутердин ижарачылары — 18 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну А.Ж., Кош-Көл айылынын тургундары С.А. жана Б.Э., ошондой эле эс алуучулар — Казакстандын Алматы шаарында жашаган Кыргыз жарандары, 55 жаштагы С.Д. жана анын уулу 27 жаштагы С.Э. болуп чыккан. Окуянын бардык катышуучулары Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматына жеткирилип, алардан көргөзмөлөрү алынган.

Эки тарап тең арыз жазып, арыздары катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Окуяга катышкандардын жана күбөлөрдүн берген көргөзмөлөрү, ошондой эле видеокөзөмөлдөө камераларынан жана күбөлөр тараптан тартылган видео тасмалар иликтенип, тергөө кызматы окуя скутер менен көлдүн үстүнөн айдагандын белгиленген убакыт боюнча талаш-тартыштан улам болгонун аныктады. Пикир келишпестиктин натыйжасында эс алуучу 27 жаштагы С.Э. скутердин ижарачысы 18 жаштагы С.А.ны биринчи уруп жибергенден кийин, башка скутердин ижарачылары эс алып жаткан атасы менен баласын сабашкан.

Козголгон кылмыш иштеринин алкагында, скутердин ижарачылары Бишкек шаарынын 18 жаштагы тургуну А.Ж. жана Кош-Көл айылынын тургуну С.А., ошондой эле Казакстандын Алматы шаарында жашаган Кыргыз жараны 27 жаштагы С.Э. сот тарабынан баш коргоо чарасы кабыл алынганга чейин Ысык-Көл РИИБдин УКЖга киргизилди. Тергөө амалдары уланууда.