Ысык-Көлдөгү мушташ. Казакстандан келген ата-бала скутерди ижарага бергендерге каршы арыз жазды

Көл жээктеги окуя боюнча милиция кызматкерлери жабырлануучулардын аты-жөнүн аныкташты. Жабырлануучулар арыз жазышты. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Буга чейин маалымдалгандай, 16-август күнү Кош-Көл айылында жайгашкан «Радуга Вест» эс алуу борборунун жанындагы пляждык аймакта скутердин ижарачылары эки эс алуучуну сабаган видео тараган. Аталган маалымат катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин учурунда скутерлерди ижарага алып иштеткен жарандар аныкталды. Алар 18 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну А.Ж., Кош-Көл айылынын тургундары С.А. жана Б.Э. болуп чыгышып, Тамчы айылдык милиция бөлүмүнүн тергөө кызматына жеткирилди. Милиция кызматкерлери тарабынан скутердин ижарачыларынан ур-токмогуна кабылган эс алуучулардын да аты-жөнү аныкталды. Алар Кыргыз жарандары, учурда Казакстандын Алматы шаарында жашаган 55 жаштагы жаран жана анын уулу 27 жаштагы жаран болуп чыккан.

Жабырлануучулар арыздары менен кайрылышып, скутердин ижарачыларына карата чара көрүүнү өтүнүшкөн. Жабырлануучулардын арыздары катталып, алынган дене жаракаттарынын оордугун аныктоо үчүн экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгы боюнча мыйзам чегинде чечим кабыл алынат. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында текшерүү иштери уланууда.