Ысык-Көлдөгү облустук ооруканада өрт чыгып, ал жерде жаткан 60 адам эвакуацияланды

Каракол шаарындагы облустук оорукананын кардиология бөлүмүндө өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Ооруканадагы өрттү өчүрүүгө саат 6:58де Каракол шаардык ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп тартылып, тилсиз жоо саат 7:40та толук өчүрүлгөн. Кардиология бөлүмүндө жаткан 60 адам жана 4 медицина кызматкерлери эвакуацияланган. Жабыркагандар жок. Ал эми тилсиз жоо оорукананын 12 чарчы метр шыбын кучагына алган. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.