Ысык-Көлдөгү пансионатта 15 жаштагы өспүрүм сууга чөгүп кетти

ИЛЛЮСТРАЦИЯ

Ысык-Көлдөгү пансионатта 15 жаштагы өспүрүм сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык Кара-Ой айылында жайгашкан «Аист» пансионатында болгон. 2007-жылы туулган өспүрүм сууга чөгүп кеткен. Жерине 4 куткаруучу тартылып, издөө иштеринин натыйжасында саат 15:12де сөөгүн суудан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.