Бишкекте Ысык-Көлдөгү 3 пансионатка жолдомо алып берем деген шылтоо менен 1 миллион 117 миң сомду алып, из жашырып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБиден билдиришти.
«21-июль күнү М.Б. аттуу жаран И. аттуу айым 7-майдан 25-июнга чейин «Көгүлтүр Ысык-Көл», “Кыргызское взморье”, “Аврора” пансионаттарына жолдомо алып берем деп ишенимине кирип андан 1 миллион 117 миң сомду алып, сөзүндө турбай койгонун айтып арыз менен кайрылган.
Аталган факты боюнча алдамчылык беренеси менен кылмыш иши козголуп, 1990-жылы туулган А.И. кармалып, Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда анын башка дагы алдамчылык иштерине катыштыгы бар-жогу териштирилүүдө», — деп жазылат маалыматта.