Ысык-Көлдөгү «Радуга» пансионатындагы мушташ боюнча 18 адам кармалды

Буга чейин «Сары-Ой айылындагы пансионатта чолпон-аталык тургундар менен пансионаттын коопсуздук кызматкерлеринин ортосунда чыр чыгып, эс алуучулардын тынчын алды» деген видео коомчулукка тараган. Ысык-Көл ОИИБ 18 жаран кармалганын билдирди.

Бүгүн, 29-июнда саат 12:50 чамасында Ысык-Көл ОИИБге Сары-Ой айылындагы «Радуга» пансионатынын көл жээгинде мушташ болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факты каттоого алынды. Учурда окуя такталып жатат. Мушташ боюнча 18 адам кармалган. Алардын бирөөсү Жалал-Абад облусунун, үчөө Чолпон-Ата шаарынын, калгандары Сары-Ой айылынын тургундары.