Ысык-Көлдөгү сел: Садыр-Аке айыл өкмөтүндө 60 үй ылай-баткактан тазаланды

Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл өкмөтүндө катталган сел боюнча кечээ, 19-августта саат 22:30га карата төмөнкүдөй жумуштар аткарылды. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.
Учурда куткаруучулар 25 үй, Жарандык коргонуу кызматтары 35 үй, тактап айтканда, жалпысынан 60 үй сел калдыктарынан толук тазалашкан. Ал эми алдын ала маалыматка караганда Ысык-Көл району боюнча 497 үй, 3 социалдык мекеме (1 бала бакча, 1 ФАП, 1 китепкана) жабыркаган. Селдин кесепеттерин жоюуга жалпы 738 адам, 59 атайын техника тартылган. Анын ичинен ӨКМден 341 куткаруучу иштеп, 7 инженердик техника, 4 мотопомпа тартылган. Облустук Жарандык коргонуу кызматтарынан 397 кызматкер жана 33 ХОВО, 16 жүктөгүч, 7 экскаватор, 3 ассенизатор чыгарылган. Учурда кеч киргендигине байланыштуу тазалоо иштери 20-август күнү улантылмакчы.