Ысык-Көлдөгү Темир айылынын селден кийинки абалы (сүрөт, видео)

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев Темир айылына барып, селдин кесепеттери менен жеринде таанышты. Бул туууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Кечээ, 18-августта түнү катуу жааган жамгырдан улам сел айыл аймагына түшүп, бир топ чыгым алып келген. Анын кесепеттерин жоюуга райондун бардык кызматтары тартылып, Жети-Өгүз, Түп райондорунан да техникалар жөнөтүлгөн.

«Бийлик кесепеттерин жоюу жана жабыркагандарга жардам көрсөтүү боюнча бардык чараларды көрүүдө», — деп айтылат маалыматта.