Ысык-Көлдө үйдө газ баллон жарылып, өрт чыккан (сүрөт)

Бүгүн, 6-июлда Ысык-Көл районунун Кош-Көл айылында жайгашкан турак үйдөн газ баллон жарылып өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, жерине Ысык-Көл районунун №32 өрткө каршы бөлүмүнөн бир бөлүм тартылып, өрт саат 10:47де чектөөгө алынып, 11:00дө толугу менен өчүрүлгөн. Жабыркагандар катталган жок. Өрттүн келип чыгуу себеби учурда такталып жатат.