Ысык-Көлдөн 43 балык уулоочу синтетикалык тор чыгарылды (фото)

Ысык-Көл районуна караштуу айылдардагы көлдүн акваториясынан балык корлоруна зыян келтирип жаткан балык уулоочу синтетикалык торлор жок кылынган. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен маалымдашты.

28-29-июнда Өрүктү айылынан Кудургу айылына чейинки көлдүн акваториясында балык корлоруна зыян алып келип жаткан узундугу 4200 метр болгон 43 даана балык уулоочу синтетикалык торлор чыгарылып, жок кылынды. Ошондой эле “Таза Ысык-Көл” коомдук фондунун суучулдары жана жарандык активисттери менен биргеликте көлдөн 16 даана, узундугу 1600 метр болгон эски балык уулоочу синтетикалык торлорду жана көлдүн түбүн таштандыларды (желим бөтөлкөлөр, желим плёнкалуу баштыктар) алып чыгышты.