Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду тарабынан мамлекетке 150 млн сомдон ашык зыян келтирилген

Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду тарабынан мамлекетке 150 млн сомдон ашык зыян келтирилген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган мекеме тарабынан Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунда текшерүү жүргүзүлгөн учурда аталган фондго Ысык-Көл облусунун аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө жана киреше берүүчү бизнес-долбоорлорду ишке ашырууга «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтан бөлүнгөн акча каражаттары узак мөөнөттөн бери системалуу түрдө башка максаттарга негизсиз пайдаланылгандыгы аныкталган.

Ошондой эле курулуштарды курууга жана капиталдык ремонтторго тиешелүү проекттерге чыгымдалуучу каражаттардын сметалары фонддун башкаруу органдары тарабынан белгиленген тартипте түзүлбөгөндүктөн жана бекитилбегендиктен, каражаттардын олутту бөлүгү максатсыз пайдаланып келген.

Мындан улам Ысык-Көл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча фонддун алдына коюлган тапшырмалар ишке ашпай, алар 2015-2020-жылдар аралыгында гана мамлекетке 150 млн сомдон ашык зыян келтирилген.

Бул факты учурда Жазык кодексинин 319-беренеси (коррупция) менен КЖБРге катталып, тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына тапшырылган.