«Ысык-Көлдү туруктуу өнүктүрүү» долбоорунун мурунку адиси кармалды

Финансы министрлигинин алдындагы «Ысык-Көлдү туруктуу өнүктүрүү» долбоорунун мамлекеттик сатып алуулар боюнча мурунку адиси кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 15-февралда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Финансы министрлигинин алдындагы «Ысык-Көлдү туруктуу өнүктүрүү» долбоорунун мамлекеттик сатып алуулар боюнча мурунку адиси кармалган.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө, Финансы министрлигинин жана Каракол шаарынын мэриясынын Каракол шаарындагы «Суу канал» ишканасынын жооптуу кызматкерлери, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында суу алуучу курулманы калыбына келтирүүдө жана курууда каржылык ресурстарды максатсыз пайдалануу жана курулуш иштеринин көлөмүн ашыкча баалоо фактылары аныкталган.

Кармалган жаран 2014-2017-жылдар аралыгында жалпы 3 миллион 500 миң сомдон ашык сумманы түзгөн жумушту аяктагандыгы жөнүндө күбөлүктү кабыл алуу маселеси боюнча оң чечим үчүн ортомчулардан системалуу түрдө акча алган. Учурда кармалган жаран Каракол шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал күнөөсүн толугу менен моюнуна алып, мамлекеттик бюджетке келтирилген 2 миллион сом зыяндын бир бөлүгүн төлөп берген.

Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча оперативдик-иликтөө иш-чараларын улантууда, ошондой эле Каракол шаарындагы суу алуучу имаратты калыбына келтирүүдө жана курууда мыйзамсыз иш-аракеттерге катышкан башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча иштер уланып жатат.