Ысык-Көлдүк тургундун кашарынан Кызыл китепке кирген кара куш табылды (фото)

Ысык-Көлдө жергиликтүү тургундун кашарынан Кызыл китепке кирген кара куш табылган. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден кабарлашты.

— Ысык-Көлдө Түп районундагы Сары-Булуң айылынын 61 жаштагы тургунунун кашарынан жыркыч куш табылган. Адистердин алдын ала маалыматы боюнча, табылган канаттуу Кыргызстандын Кызыл китебине кирген кара куш болуп эсептелинет.
Аталган факт Түп райондук милициянын маалымат электрондук журналына катталып, тергөө кызматы тарабынан юридикалык баа берүү үчүн териштирүү иштерин жүргүзүүдө.
Алынган кара куш Каракол шаарындагы зоопаркына өткөрүлүп берилди.