Ысык-Көлдүн 3 районундагы мамлекеттик нотариустарга кылмыш иши козголду

Ысык-Көл облусунун мамлекеттик нотариустарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын одоно бузуу менен нотариалдык келишимдерди каттаган (ар кандай мүлктү пайдалануу жана тескөө укугуна ишеним каттарды түзүү (жарактуулук мөөнөтүнө карабастан), анын ичинде ишенимге өткөрүп берүү (унаа башкаруу жана тескөө үчүн ишеним кат, кыймылсыз мүлктү сатууга ишеним каттар) мурастоо күбөлүктөрүн берүү, кыймылсыз мүлккө менчик укугун өткөрүп берүү (сатып алуу-сатуу келишимдери) боюнча келишимдердин күбөлүктөрү) тууралуу Ысык-Көл облусунун мамлекеттик нотариустарына карата кылмыш иши козголду.

27-апрелден 5-майга чейинки мезгилде Каракол шаарынын, Ак-Суу, Жети-Өгүз жана Ысык-Көл райондорунун мамлекеттик нотариустарында ыкчам-иликтөө иш-чаралары жана санкцияланган тинтүү иштери жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө жасалма ишеним каттар, каттоо журналдар жана кылмыш ишине тиешелуу башка нерселер табылган. Учурда бул иш боюнча тергөө иштери уланууда.