Ысык-Көлдүн Ананьево айылында эркек киши менен бала иске ууланып каза болду

Кечээ, 2-январда Ысык-Көлдүн Ананьево айылында эркек киши менен бала иске ууланып каза болду. Бул тууралуу аталган облустун ички иштер башкармалыгынан маалымдашты.

Иске уулангандар ооруканага жеткирилген, бирок аларды аман алып калуу мүмкүн болгон эмес. Факты каттоого алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Кырсыктын так себептери аныкталып жатат. Каза болгон эркек кишинин айрым булактарда 45, кээ бир булактарда 51 жашта экендиги жазылган. Баланын жашы да так эмес болуп жатат, айрым булактарда 7, кээ бир булактарда 14 жашта экендиги көрсөтүлгөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жогорудагы окуя боюнча маалымат тарата элек.

Буга чейин «Кактус» сайты өз булактарына таянып Түп айылында 14 жаштагы өспүрүм асынган абалда табылып, атасы оор абалда бейтапканага жеткирилгенин жазган.