Ысык-Көлдүн жайлоолорунда калың жааган кардан миңдей кой-эчки өлдү

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз райондорунун малчылары жайлаган алыскы жайлоолорунда калың жааган кардын кесепетинен малдын өлгөнү тууралуу малчылар, жергиликтүү тургундар билдирүүдө. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.
Алардын айтымында, Ак-Суу району боюнча жалпы 378 баш майда мал (кой-эчки), бодо малдан 142 баш, жылкы баласынан 22 баш өлгөн. Ал эми Жети-Өгүз районунда жалпысынан 3 жылкы, 5 бодо, 13 топоз, 610 баш кой-эчки ѳлгѳн.
Азыркы учурда жеринде комиссия түзүлүп, алыскы жайыттарга чыгып кеткен малчылардан кабар алуу жана малын тактоо иштери жүргүзүлүүдѳ.