Ысык-Көлдүн Жыргалаң суусуна түшүп кеткен 2 кыз табыла элек

Ысык-Көл облусундагы Жыргалаң суусуна 18-майда түшүп кеткен 2 кызды издөө ишин улантууга бүгүн, 21-май күнү жалпы 161 адам чыкты. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.
Анын ичинен ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын башчысы жетектеген 29 куткаруучу, 3 кайык, Суучулдар кызматынан 10 суучул, 2 кайык издөөгө чыгышкан. Ошондой эле ИИМден 10 кызматкер, 1 кайык, жергиликтүү тургундардан 112 адам, 4 кайык, 2 катер тартылган.
Такталган маалымат боюнча, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Михайловка айылындагы дачаны бойлоп өткөн Жыргалаң суусуна 6 жаштагы Т.С. жана 7 жаштагы К.М. аттуу эки кыз түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.