Бүгүн, 26-апрель күнү Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок айылында куураган чөптөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түштү.
Өрттү өчүрүүгө саат 10:31де Балыкчы шаардык №19 өрткө каршы бөлүктөн 1, буга кошумча аталган ӨКБдан саат 11:25те 1, жалпы 2 күжүрмөн эсеп тартылды. Алардын күжүрмөн аракети менен тилсиз жоо саат 12:37де чектөөгө алынды. Өрттүн аянты болжолдуу аянты 40 сотых түзөт.