Ысык-Көлдүн тургуну аялын сабап, 3 баласы менен үйдөн чыгарып салган

Ысык-Көлдө жолдошу аялын сабагандыгы үчүн жоопко тартылууда. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 20-февраль күнү Ак-Суу РИИБге Тегизчил айылынын 28 жаштагы тургуну А.Н. арыз менен кайрылып, жолдошу 40 жаштагы К.М. аны уруп-сабап, кичинекей балдары менен үйдөн чыгарып салгандыгы үчүн мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Аталган факт Ак-Суу РИИБдин бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 75-беренеси (үй-бүлөдөгү зомбулук) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Кайрылган келин денесинен кандай жаракат алгандыгын аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Анын корутундусу боюнча келиндин ден-соолугуна жеӊил зыян келтирилген.

Март айынын баш ченинде сотко чейинки өндүрүш ишти ар тараптуу жана объективдүү кароо үчүн, иштин материалдары Ысык-Көл ОИИБдин жоруктар иштери боюнча бөлүмүнө тапшырылган.

Окуянын чоо-жайы:

Арыз ээси Тегизчил айылынын тургуну К.М. 2011-жылы турмушка чыгып, айылдын чет жакасында орун алган кашарда жашашып, мал чарбачылык менен алектенишет. Алар үч балалуу болушкан, улуу баласы 6 жашта, кичүүсү 3 жашта. Жабырлануучунун айтымында, мурда да жолдошу ага кол көтөрүп жүрчү.

Кызганычтан жана негизсиз ур-токмоктун айынан алар бир нече жолу ажырашкан, бирок кайрадан элдешип, жашоосун улантышкан.

Ушул жылдын 19-февралында жубайлардын ортосунда кызганычтан улам кайрадан үй-бүлөлүк чыр-чатак чыгып, келин күйөөсү тарабынан ур-токмокко кабылган. Андан кийин жолдошу келинчегин 3 баласы менен үйүнөн тышка чыгарып салган. Ушундан улам, келин милицияга арыз менен кайрылган жана милиция кызматкерлери тарабынан «Химая» аялдарга жардам берүү жана реабилитациялоо борборуна жайгаштырылган.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 75-беренеси боюнча аталган фактыга 30 миӊден 60 миӊге чейинки айып пул жоопкерчилиги каралган.