26 килограмм гашиш. Ысык-Көлдүн тургунунун үйүнөн баңгилик лаборатория аныкталды

Ички иштер министрлигинин Бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Тергөө кызматынын менен биргеликте баңги заттарды мыйзамсыз колго өндүрүүчү баңгилик лаборатория аныкталып, анын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Ысык-Көл облусунун тургунунун үйүндө шашылыш тинтүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында каннабис тобундагы баңгизаттарды өндүрүүчү баңги лабораториясы үчүн жабдылган кампадан көк түстөгү 100 литрлик желим бочканын ичинен кара куурайдын өзгөчө жыты бар жашыл түстөгү зат табылып алынган, ал таңгактары менен жалпы салмагы 26 килограммды түзгөн, болжол менен «гашиш» баңгизат каражаты болгон.

«Андан ары ашкананын терезесинен желим идишке салынган ширеңке кутучаларынын астына салынган жалпы салмагы 26 граммды түзгөн «гашиш» баңгизат каражаты табылып, алынган. Алынган баңгизаттардын жалпы салмагы 26 килограмм 26 граммды түздү. Кармалган жаран Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча кошумча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.