Ысык-Көлдүн тургунунун үйүнөн курал-жарак жана күрөң аюунун терилери табылды

Ысык-Көлдө 1975-жылы туулган жарандын үйүнөн курал-жарак, ок жана Кызыл китепке кирген, жоголуп бара жаткан күрөң аюулардын терилери табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Аталган факты боюнча Жазык кодексинин 267-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

«Сары-Жаз» сырт өрөөнүнүн тургунунун үйүндө тинтүү иштерин жүргүзүшүп, мыйзамсыз сакталган курал-жарак, ок дары жана Кызыл китепке кирген, жоголуп бара жаткан эки күрөң аюунун терилери табылган. Учурда кылмыш ишинин негизинде тийиштүү экспертизалар дайындалып, аюулардын терилери кайдан чыгышын аныктоо боюнча терөө амалдары уланууда», — деп айтылат маалыматта.