Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 4 жаштагы кызды издеп жүргөндөр 27 жаштагы жигиттин жансыз денесин табышты (видео)

Ысык-Көлдө төрт жашар кызды издөө учурунда көлдөн жансыз дене табылды. Бул тууралуу ыктыярчылар социалдык тармактарга жазып, видео менен бөлүшүштү.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл ОИИБден маалыматты тастыкташты. «Болжол менен саат 12:45 чамасында Тоң райондук ички иштер бөлүмүнө ӨКМден маалымат түшкөн. Анда 4 жашар кызды издөө учурунда суучулдар Ак-Өлөң айылына жакын жерден бир адамдын жансыз денесин табышканы айтылган. Маркумдун өздүгү такталып, анын 5-августтан бери дайынсыз болуп жаткан Балыкчы шаарынын 27 жаштагы тургуну экени аныкталган»,- дешти облустук милициядан.