Ысык-Көлгө Токмоктон барып, сойкулук менен алектенгендер кармалды (видео)

Ысык-Көлгө Токмоктон барган сойкулар аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы менен бирдикте “Сойкулукка жана бузукулукка көмөктөшүү” фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында текшерүү жүргүзүлүп, акча үчүн Кыргыз Республикасынын аймактарына интимдик кызмат көрсөтүүгө чыгып, ал нерсеге жаштарды тартып  жүргөн Токмок шаарынын тургундары – 1996-жылы туулган А.К.Н. жана 2003-жылы туулган А.С. аныкталды.

Тинтүү учурунда акча каражаттары жана интимдик буюмдар табылды. Учурда айрым адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат.