Ысык-Көлгө унаасы менен кирген жаран изделип жатат

Социалдык тармактарда унаа менен көлгө кирген жарандын видеосу тараган. Маалыматтарга караганда, видео Чырпыкты айылында тартылган.

ИИМдин Ысык-Көл облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы айдоочу изделип жатканын билдирди. «Видеодогу унаа изделүүдө, тийиштүү чара көрүлөт»,— деп айтылат маалыматта.