Ысык-Көлгө унаасы менен кирип барган айдоочуга 15 миң сом айып салынды

Социалдык тармактарда Ысык-Көлгө Tesla Cybertruck автоунаасы менен кирип барган айдоочунун видеосу тарады.

Соцтармак колдонуучулар заманбап унаа айдагандар экологияга зыян келтирип жатканын айтып чыгышты. Ошондой эле экинчи видеодо ошол эле унаанын жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктө токтоп турганын көрүүгө болот. ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан тийиштүү чаралар көрүлөрүн билдиришкен.

Бүгүн, 13-сентябрда ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан айдоочуга 15 миң сом айып салынганын билдиришти. Tesla үлгүсүндөгү унаа табылып, анын айдоочусу 1973-жылы туулган жаран экендиги аныкталып, анын эреже бузгандыгы үчүн Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 189-беренесинин (автоээнбаштык) негизинде протокол түзүлүп, 15 миӊ сом өлчөмүндө айып салынган.