Юрист Нурбек Токтакунов 5 суткага камакка алынды

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун бүгүн, 24-марттагы токтомуна ылайык, Нурбек Токтакунов Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 126-беренесинде каралган укук бузууну жасаган деп таанылды жана 5 суткага камакка алынды. Бул тууралуу аталган соттон маалымдашты.

Буга чейин юрист Нурбек Токтакунов соцтармактагы баракчасына «Соттор жөнүндө айткан сөздөрүм үчүн мага 5 сутка беришти» деп жазган.