Айзаданы өлтүрүүгө шектелген жана өз жанын кыйган жигиттин кылмыш болгон жерден тартылган сүрөттөрү тарап кетти

Соцтармактарда 5-апрелде уурдалып, муунтулуп өлтүрүлгөн Айзаданын жана өзүнө кол салган жарандын сүрөттөрү жарыяланды.

Экөөнүн жансыз денеси 7-апрель күнү Бишкектин үстүндөгү Арашан жана Чокморов айылдарынын ортосундагы талаада токтоп турган «Хонда Цивик» унаасынан табылган. Шаар милициядан жигит кызды өзүнүн футболкасы менен муунтуп өлтүрүп, кийин канцеляриялык бычак менен өзүнө кол салганын билдиришти. Алардын денесин жергиликтүү малчы көрүп калып, милицияга кабарлаган.

Учурда кылмыш ишти иликтөө Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгынан Бишкек ШИИББине өткөрүлдү.