Радио жыштыктарды сатуу иши боюнча өкмөттүн аппаратынын мурдагы башчысы Самат Кылжыев кармалды

Радио жыштыктарды сатуу иши боюнча өкмөттүн аппаратынын мурдагы башчысы Самат Кылжыев кармалды. Маалыматты Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы тастыктап, Кылжыев бир күн мурун УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин билдирди.

УКМКнын ведомстволор аралык тергөө-ыкчам тобу айрым жыштыктарды сатып алуу жана сатуу боюнча келишим түзүп, аларды пайдалануу үчүн лицензияны кайра тариздөө учурунда айрым мамлекеттик органдардын кызмат адамдары тарабынан коррупция фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүп жаткандыгын эске салды. Бул иштин алкагында экс-чиновник Самат Кылжыев кармалган.

Буга чейин Кылжыев өзү радио жыштыктардын мыйзамсыз сатылышын иликтөөнү тездетүү өтүнүчү менен Садыр Жапаровго, Курманкул Зулушевге жана Камчыбек Ташиевге кайрылган. Жыштыктарды сатууга байланыштуу чуу Кыргызстанда 2020-жылдын май айында чыккан.