Зиядин Жамалдинов сел жүргөн Өзгөн жана Кара-Кулжа райондоруна барды

Өзгөн районунун Салам-Алик айыл аймагынын Кош-Этер айылында 27-май күнү кечки саат 20:00 чамасында нөшөрлөп катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, Мырза-Аке — Кара-Шоро авто жолунун болжол менен 100 метр тилкеси жараксыз абалга келген. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.

Учурда райондук жергиликтүү бийлик тарабынан 2 погрузчик, 1 экскаватор, 10 оор жүк ташуучу унаа жана жабыркаган турак үйлөрдү райондук Жарандык коргонуу кызматтын кызматкерлери менен биргеликте тазалоо жана калыбына келтирүү жумуштары жүрүп жатат. Жүргөн селдин кесепетинен 5 турак үй кооптуу деп табылып, тургундар коопсуз жайларга көчүрүлдү. Адам өмүрүнө жана мал жандыктарга зыян келген жок. Ош облусунун башчысы сел жүргөн аймакка барып, кесепеттерин жоюу иштери менен таанышты. Зиядин Жамалдинов селдин кесепеттерин жоюу иштерине 100 миң сом каражат бөлүп берди.

Облус башчысы Кара-Кулжа районундагы селдин кесепеттерин жоюу иштери менен таанышты. Учурда райондук жарандык коргонуу штабы жана ӨКМ кызматкерлери жеринде жумуштарды алып барууда.