«Зордуктап, чуңкурга ыргытып кетти» деген аял окуя тууралуу айтып, акыйкаттык издей турганын билдирди

Сүрөт 24.кж басылмасынан алынды

Кечээ, 30-июлда социалдык тармактарга зордукталганын айткан аялдын видеосу тараган. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги жабырлануучу И. Б. менен байланышканыбызда, учурда ооруканада жатканын айтып, акыйкаттык издей турганын билдирди.

Анын айтымында, окуя 24-июлда болгон. Айылдашы унаага күч менен салып барып, зордуктап, чуңкурга ыргытып жиберген. Ал чуңкурдан эптеп чыгып, үйгө өзү барганын айтат. Туугандары ооруканага жеткирип, милицияга арыз жазган.

Жабырлануучунун айтымында, шектүү кармалган, бирок Ак-Суу райондук соту шектүүнү үй камагына чыгарып жиберген. Аял президент Садыр Жапаровго кайрылып, акыйкаттык издей турганын айтты. Анын айтымында, кечээ ага арызды алуу боюнча коркутуулар болгон.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл ОИИБден маалымат берип, мындай чечимди Ак-Суу райондук соту чыгарганын билдиришти. «Жабырлануучу өзүнүн видеокайрылуусунда белгилегендей, Ак-Суу РИИБдин тергөө кызматы бул баш коргоо чарасын колдонуу боюнча чечим чыгарууга укугу жок. Тергөөнүн компетенциясына тергөө аракеттерин жүргүзүү, далилдерди чогултуу жана талдоо жана адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу саналат. Козголгон кылмыш ишинин алкагында учурда Ак-Суу РИИБнин тергөө кызматы тарабынан бардык зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө»,- дешти милициядан.