«Зордуктагандан кийин дагы 2 жолу кол салган» дейт Сокулукта 16 жаштагы кызды кордоого шектүү тарабынан зордукталган кыз

6-декабрда милиция маалымат таратып, Сокулукта 16 жаштагы кыздын зордукталганын, кылмышка шектелип 31 жаштагы жаран кармалганын билдирген. Кыздын атасы жаран жол тосуп турган кызын жумушуна жеткирип коюну убадалап, жолдон күч колдонуп, зордуктап салганын билдирген. Ошол эле учурда коомчулукта шектүү буга чейин да жаш кызды зордуктаганы желдей тараган.

SuperTV телеканалына атын атагысы, жүзүн көрсөткүсү келбеген 20 жаштагы кыз кайрылып, дал ошол Сокулуктагы кызды зордуктады делген жаран тарабынан зордукталганын айтты. Ал зордукталгандан кийин да жаран тарабынан кол салуулар болгонун айтты. «Эртең менен саат 7лерде автобусту көздөй чыккам. Окууга барышым керек болчу. Автобуска жетишпей калыптырмын. Ошол жакта күтүп турсам эле тиги киши келип калды. Такси айдачу. Анан унаасына түштүм. Кызыл-Туу айылына чейин келдик. Ошол жерден оңго кайрылышы керек болчу, бирок түз айдап кетти. Ошол жерден да аракет кылган. Мен качып кеткем. Анда да үйдөгүлөргө айта алган жокмун. Ал мени жакшы эле коркутуп жатты», — деди кыз.