«Зордуктоо боюнча кылмыш ишин ачабыз». Ошто милиция кызматкерлери кармалды

Опузалап акча талап кылган милициянын ыкчам кызматкерлеринин тобу аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Ош ШИИБдин төрт ыкчам кызматкери милициянын капитаны, милициянын майору, капитан жана майор зордуктоо фактысы боюнча кылмыш ишин козгойбуз деп коркутуп, Ош облусунун тургунунан 400 миң сом өлчөмүндө акча талап кылышкан. 25-сентябрда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында, 100 миң сом алып жаткан жеринен ортомчу кармалып, андан соң Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын опер кызматкери, милициянын майору кармалды. Көрүлгөн чаралардын жүрүшүндө жогоруда аталган милиция кызматкерлеринин ар биринин бул кылмышка катышуусунун ролу жана даражасы аныкталды.

Учурда кармалган кызматкерге карата эки айлык мөөнөткө УКМКнын тергөө абагына камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган. Ошол эле учурда, бул кылмышка тиешеси бар жогоруда аталган дагы үч кызматкер учурда тергөөдөн жашырынып жүргөндүктөн, 28-сентябрда соттун чечими менен аларга карата сыртынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып, алар издөөгө алынды.