«Зордуктоо фактысын жабуу үчүн». Токмокто милиция кызматкери 178 миң сом пара алууга шектелип кармалды

Токмок шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкери пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 19-октябрда Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте, Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап пара талап кылуу) боюнча Токмок ШИИБдин кызматкери, милициянын улук лейтенанты 178 миң сом алып жаткан жеринен кармалган.

Токмок ШИИБдин кызматкери арыз ээсинин уулун зордуктоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кылмыш жоопкерчилигине тартпоо үчүн 2 миң доллар өлчөмүндө акча талап кылгандыгы аныкталган. Кармалган жаран УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда жогорудагы мыйзам бузууларга тиешеси бар башка кызматкерлерди аныктоо иштери уланууда.