«Зордуктоо боюнча жоопкерчиликке тартыласың…». Бишкекте милиция кызматкери пара талап кылууга шектелип кармалды

Пара талап кылуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын Патрулдук милиция кызматынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, кызматкер 64 миң сом өлчөмүндө пара талап кылган. Такталган маалымат боюнча, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Патрулдук милиция кызматынын кызматкери таанышы менен жең ичинен сүйлөшүп алып, зордуктоо үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча коркутуп, Бишкек шаарынын тургунунан 100 миң сом өлчөмүндө акча талап кылган. Бирок укук коргоо органдары ага карата зордуктоо же башка укук бузуу фактыларын каттаган эмес.

Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүмү (пара талап кылуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалган Бишкек шаарынын Патрулдук милиция кызматынын кызматкери тиешелүү тергөө иш-чараларын андан ары жүргүзүү үчүн УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.