Зордуктоого аракет кылууга шектүү милиция кызматкерине пара берүүдө кармалды

Ленин РИИБдин кызматкерлери ИИМдин Бишкек шаары боюнча Кызматтык иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте милиция кызматкерине пара берүүгө аракет кылган жаранды кармашты.

2-августта Бишкек шаарынын 20 жаштагы тургуну Ленин райондук ИИБге арыз менен кайрылган. Анын айтымында, эртең мененки саат 05:00дөн 06:00 чамасында Чортеков жана Жаңыл Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде анча тааныш эмес эркек киши Kia K5 үлгүсүндөгү унаанын ичинде ага карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттерин жасоого аракет кылган. Бул факты Ленин райондук ИИБдин МЭЖге катталып, текшерүү иштери башталган.

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө ал жаран такталып, 1998-жылы туулган С.Т. экени аныкталган. Ал көрсөтмө берүү үчүн Ленин райондук ИИБдин Тергөө кызматына жеткирилген. Тергөө учурунда ал кылмыш ишин токтотуу максатында милиция кызматкерине акча каражатын пара катары берүүгө аракет кылган. Бул факты боюнча жетекчиликке дароо маалымат берилген. 5-августта ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында 1998-жылы туулган С.Т. аттуу жаран акча каражатын берип жаткан учурда кармалган. Ленин райондук ИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) боюнча кылмыш иши козголгон. 1998-жылы туулган С.Т. ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда бул факты боюнча ар тараптуу тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Тергөө иштери улантылууда.