Зордуктоого шектелген актёр Чыңгыз Мамаевдин иши. Сот ишти кайра кароого жөнөттү

Бишкектин Свердлов райондук соту актёр Чыңгыз Мамаевге козголгон кылмыш ишинин материалдарын тергөөдөгү кемчиликтерди толтуруу үчүн жөнөттү.

Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы бүгүн, 6-декабрда СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине билдиргендей, мындай чечим 22-ноябрда кабыл алынган. 

Апрель айында актёр Чыңгыз Мамаев немис жаранын зордуктоого шектелип кармалган. Буга чейин бир нече жолу актёрдун кесиптештери Мамаевдин иши боюнча соттон адилеттүү чечим чыгарып берүүсүн суранып кайрылуу жасашкан.